Жаңылыктар

Талант Өмүралиев менен вебинар

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы сиздерди эксперттин катышуусунда өтө турган «Корпоративдик башкаруу ишенимдин жана капитал рыногуна жетүүнүн негизи катары: директорлор кеңешинин жана көз карандысыз директорлордун ролу» аттуу вебинарга чакырат.

Спикер:

Өмүралиев Талантбек — корпоративдик башкаруу, банк сектору, финансы жана санариптик трансформация боюнча эксперт, КР КДПнын анык мүчөсү. «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын Директорлор кеңешинин төрагасы, «Дос-Кредобанк» ААКтын Башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси.

Банк секторунда жана мамлекеттик сектордо 17 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, KICB, «Кыргызстан Коммерциялык Банкы», «Мол Булак» МКК жана башка ири банктарда жана финансылык уюмдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Билими: Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, Амстердам Финансылык Институту, ЕӨРБнын Бириккен Вена Институту.

Модератор:

Жанна Токтосунова — «Транссистема-Бишкек» ЖЧКсынын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын Кеңешинин төрайымы, корпоративдик башкаруу боюнча консультант.

Банк секторунда 13 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Анын кесиптик тажрыйбасы укук, корпоративдик башкаруу жана адам ресурстарын башкаруу сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.

Максаттуу аудитория:

• Директорлор кеңештеринин жана алардын комитеттеринин мүчөлөрү;

• Башкарманын мүчөлөрү;

• Аткаруучу органдардын өкүлдөрү;

• Корпоративдик катчылар жана юристтер;

• Коомдордун катчылары;

• Инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана капитал рыногуна жетүүнү кеңейтүүгө кызыкдар болгон бизнес ээлери.

▪️ Күнү: 2026-жылдын 28-январы

▪️ Убактысы: 12:00–13:00 (UTC+6, Бишкек)

▪️ Форматы: онлайн

Катталуу үчүн шилтеме:

https://forms.gle/sXqq7sT6bF8VeQ7J8

Катышуу акысыз, алдын ала каттоо милдеттүү.

⏳ Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 27-январы
2026-02-14 13:00