КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ДИРЕКТОРЛОР ПАЛАТАСЫ
Улуттук корпорациялардын өсүү орду!
Башкарууну кесипкөй адистерге ишениңиз!
Биз — корпоративдик башкаруу тутумунун потенциалын ишке ашыруу аркылуу улуттук экономиканы өнүктүрүүнү көздөгөн жетекчилердин жана эксперттердин кесиптик бирикмесибиз.
Биз менен бирге корпоративдик дүйнөнүн бир бөлүгү болуңуз!
Биз менен корпоративдик дүйнөнүн бир бөлүгү бол!

Жаңылыктар

    биздин кызматтарыбыз
    Сиздин максатыңыз бар, бирок ага жетүү үчүн эмне керек экенин билбей жатасызбы?
    Биз көрсөткөн кызматтарга көз салыңыз жана кеңеш алуу үчүн кайрылыңыз.
    Биздин Палатанын тажрыйбалуу мүчөлөрүнөн кесипкөй колдоо алыңыз
    КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУ БОЮНЧА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ
    Корпоративдик башкаруу жаатында квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүңүз. Биздин курстар сиз үчүн канчалык деңгээлде зарыл экенин түшүнүү үчүн, жакында сайтыбызда пайда боло турган онлайн-анкетадан өтсөңүз болот.

    Палатанын негизги милдети — корпоративдик башкаруунун ар кандай ишмердүүлүк түрлөрүнө шайкеш келген сертификаттарды берүү менен бирге, корпоративдик башкаруу тууралуу билимдерди стандартташтыруу болуп саналат.
    КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ
    Ишканаңыздын ОЭСР корпоративдик башкаруу принциптерине жана сунушталган тажрыйбаларына шайкештиги боюнча акысыз консультация жана экспресс-диагностика алыңыз.

    Биздин эксперттер тарабынан корпоративдик кодексти иштеп чыгуу жана киргизүү — бул жоопкерчиликтүү, ачык-айкын жана натыйжалуу менеджментти камсыздоого карай жасалган ишенимдүү кадам.
    ПАЛАТАНЫН РЕЗИДЕНТТЕРИН ИЛГЕРИЛЕТҮҮ
    Компетенттүү, кадыр-баркы бар адистерди көз карандысыз директорлор, башкармалыктын мүчөлөрү жана компаниялардын башка башкаруу органдарынын позицияларына сунуштоо жана көрсөтүү.

    Палатанын резиденттери жалпыга маалымдоо каражаттарында корпоративдик башкаруу боюнча эксперт катары чыгып, компанияларды өнүктүрүү боюнча баалуу сунуштарын беришет.

    ПАЛАТАНЫН МАКСАТТАРЫ

    • ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

      Тажрыйба алмашуу, корпоративдик башкаруу жаатында квалификацияны жогорулатууга көмөктөшүү, Палатанын мүчөлөрүнүн кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү.
    • КЕҢЕШТЕРДИ ТҮЗҮҮ

      Директорлор кеңештерин түзүүгө жана алардын мүчөлөрүн тандоого, байкоочу/камкордук кеңештерин жана комитеттерин калыптандырууга көмөктөшүү, акционерлерге, директорлор кеңештерине жана алардын мүчөлөрүнө консультациялык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле директорлор кеңешинин ишинин натыйжалуулугуна баа берүү.
    • САПАТТЫ ЖОГОРУЛАТУУ

      Кыргыз компанияларынын корпоративдик башкаруу сапатын мыкты эл аралык стандарттарга жана тажрыйбаларга ылайык жогорулатуу үчүн Палатанын серепчилерин тартуу.
    • ПАЛАТАНЫН МҮЧӨЛӨРҮН ИЛГЕРИЛЕТҮҮ

      Палатанын мүчөлөрүн компаниялардын (анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар), коммерциялык эмес уюмдардын, кайрымдуулук фонддорунун байкоочу/камкордук кеңештерине жана директорлор кеңештерине көз карандысыз директорлор катары илгерилетүү.
    • КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУНУ КИРГИЗҮҮ

      Жеке жана мамлекеттик капиталы бар компанияларга корпоративдик башкаруу тутумун киргизүү.
    Наши партнеры
    © 2026 ПНД КР
    Курстар жана Тренингдер
    Палата жөнүндө
    Байланыштар
    • Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Исанова 105/3, 6 этаж, каб.2
    • тел.: +996 555 888 242
    • E-mail: info@cid.kg