Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор Палатасы жөнүндө маалымат
Эл аралык тажрыйбаны жана мыкты практикаларды колдонуу менен корпоративдик башкаруунун деңгээлин жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү.
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы — бул директорлор кеңештеринде, байкоочу кеңештерде же улуттук жана эл аралык компаниялардын жетекчилик кызматтарында иш тажрыйбасы мол кесипкөй адистердин коомдук бирикмеси.
Палатаны түзүү идеясы корпоративдик башкаруу жаатында тажрыйба жана билим алмашуу үчүн демилгелүү адистердин башын бириктирген «Көз карандысыз директорлор клубунан» башталган. Клубдун мүчөлөрүнүн ортосундагы талкуулардын жана кеңешүүлөрдүн жүрүшүндө көз карандысыз директорлордун кесиптик уюмун түзүү муктаждыгы аныкталган.
Тажрыйба алмашуу, корпоративдик башкаруу жаатында квалификацияны жогорулатууга көмөктөшүү, Палатанын резиденттеринин кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү.
Кыргыз компанияларынын корпоративдик башкаруу сапатын мыкты эл аралык стандарттарга жана ОЭСР өлкөлөрүнүн тажрыйбаларына ылайык жогорулатуу үчүн Палатанын резиденттерин эксперт катары тартуу.
Директорлор кеңештерин, байкоочу/камкордук кеңештерин жана алардын комитеттерин түзүүдө кесипкөй жардам көрсөтүү, ошондой эле акционерлерге, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана коомдордун корпоративдик катчыларына консультациялык колдоо көрсөтүү.
Компаниялардын (анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар), коммерциялык эмес уюмдардын жана кайрымдуулук фонддорунун байкоочу/камкордук кеңештерине жана директорлор кеңештерине көз карандысыз директорлор катары Палатанын резиденттерин алдыга жылдыруу.
Корпоративдик башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатуу
Үзгүлтүксүз билим алуу — корпоративдик директордун өнүгүүсүнүн өзөгү!
Корпоративдик башкаруу жаатында квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүңүз. Жакында корпоративдик башкаруу боюнча билимди текшерүүчү онлайн анкета жеткиликтүү болот. Палатанын милдеттери - корпоративдик башкаруунун ар кандай түрлөрүнө шайкештик сертификаттарын берүү менен корпоративдик жетекчилик жөнүндө билимдерди стандартташтыруу.
Корпоративдик башкаруунун сапатын жогорулатуу — корпоративдик инвесторлордон капитал тартуунун жолу!
Сиздин ишканаңыздын ЭКУУнун корпоративдик башкаруу принциптерине жана сунушталган тажрыйбаларына шайкештигин текшерүү үчүн акысыз консультация жана экспресс-диагностика алыңыз. Биздин эксперттер тарабынан корпоративдик кодексти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу — жоопкерчиликтүү, ачык-айкын жана натыйжалуу менеджментти камсыздоого карай жасалган ишенимдүү кадам.
Палатанын резиденттерин алдыга жылдыруу
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор Палатасынын резиденттери корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү адистердин тизмесине кирет жана Палатанын атынан башкаруу органдарын түзүп жаткан коомдук уюмдарга сунушталат.
Палата компетенттүү, кадыр-баркы бар адистерди көз карандысыз директорлор, Башкармалыктын мүчөлөрү жана башка башкаруу органдарынын позицияларына көрсөтөт жана сунуштайт.
Палатанын резиденттери ЖМКдагы корпоративдик башкаруу боюнча эксперттер болуп саналат жана компанияларды өнүктүрүү боюнча баалуу сунуштарын беришет.
Чыныгы мүчөлөр Финансы/экономика/менеджмент/укук тармагында жогорку билиминин же башка жогорку билими жана олуттуу (5 жылдан ашык) ишкердик тажрыйбасынын болушу зарыл.
Директорлор кеңештеринде, байкоочу кеңештерде же улуттук же эл аралык компаниялардын жетекчилик кызматтарында иш тажрыйбасынын (3 жылдан кем эмес) болуусу зарыл.
Ассоциацияланган мүчөлөр - Финансы/экономика/менеджмент/укук тармагында жогорку билиминин болушу же жогорку техникалык билими жана корпоративдик башкаруу жаатында өз билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүүнү каалоосу.
- Орто деңгээлдеги жетекчи болуп иштөө тажрыйбасы (улуттук же эл аралык компанияларда кеминде 2 жыл менеджер/начальник болуусу зарыл.
Жакшы кесиптик кадыр-барк. Палатанын ассоциацияланган мүчөсү үч жылдык мүчөлүктөн кийин Палатанын Кеңешине статусун кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Мүчөлүккө кирүү үчүн онлайн арыз шилтеме аркылуу: