«Корпоративдик директор» сертификациялык программасынын үчүнчү агымы старт алды
2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын «Корпоративдик директор» сертификациялык программасы старт алды. Программа Борбор Азия өлкөлөрүндөгү директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн, топ-менеджерлердин, акционерлердин жана корпоративдик башкаруу системасына тартылган жетекчилердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Окуу 2026-жылдын 7-июнуна чейин офлайн форматта өтөт жана ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын финансы, өндүрүш, юридикалык жана IT секторлорунун өкүлдөрү катышууда.
Программа компанияларда стратегиялык чечимдерди кабыл алган жана бизнестин туруктуулугу, директорлор кеңештеринин натыйжалуулугу, тобокелдиктерди башкаруу жана корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүү үчүн жооптуу адистерге арналган практикага багытталган окуу жана сертификациялоо курсу катары иштелип чыккан. . Курстун методологиясы жана окуу материалдары Швейцариянын Өкмөтүнүн жана Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча Мамлекеттик секретариатынын колдоосу менен Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) берген материалдарга негизделген.
Окутуу модулдук принцип боюнча түзүлүп, заманбап корпоративдик директор үчүн зарыл болгон негизги багыттарды камтыйт. Беш офлайн модулдун алкагында катышуучулар корпоративдик башкаруунун негиздерин жана ESG принциптерин, директорлор кеңешинин стратегиялык ролун, кеңештин финансыларды башкарууга катышуусун, тобокелдиктерди башкаруу, ички контролдоо жана аудит маселелерин, ошондой эле адам капиталын башкарууда жана ESG күн тартибин ишке ашырууда директорлор кеңешинин ролун ырааттуу түрдө карашат.
Программанын мазмуну теориялык билим алууга гана эмес, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга да багытталган. Катышуучулар IFC методологиясы жана башка ыкмалар боюнча корпоративдик башкаруунун жана ESGнин өнүгүү деңгээлин баалоону, корпоративдик башкарууну өнүктүрүү пландарын иштеп чыгууну, директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин ишин уюштурууну, стратегиялык талдоо жүргүзүүнү, финансылык отчеттуулукту түшүнүүнү жана талдоону, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын түзүүнү, ошондой эле кадр саясаты, корпоративдик маданият, лидерлик жана өзгөрүүлөрдү башкаруу маселелери менен иштөөнү үйрөнүшөт.
Программанын өзгөчө баалуулугу анын аймактык форматында. Борбор Азиянын төрт өлкөсүнөн келген өкүлдөрдүн катышуусу тажрыйба алмашуу, кесиптик диалог жүргүзүү жана ар кандай юрисдикциялардагы корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбаларын салыштыруу үчүн аянтча түзөт. Бул катышуучуларга жеке квалификациясын жогорулатууга гана эмес, директорлор кеңештеринин өнүгүүсү, инвесторлордун талаптары жана аймактагы компаниялардын туруктуу өнүгүүсүнө карата заманбап ыкмалар жөнүндө кеңири түшүнүк калыптандырууга мүмкүндүк берет.
«“Корпоративдик директор” программасын ишке киргизүү менен биз жөн гана билим берүүнү эмес, Борбор Азияда кесипкөй жана жоопкерчиликтүү корпоративдик башкаруу маданиятын өнүктүрүү үчүн практикалык негиз түзүүнү максат кылабыз. Бул башкаруунун сапатына, компаниялардын туруктуулугуна жана директорлор кеңеши институтуна болгон ишенимге салынган инвестиция», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Сейтек Душеналиев.
Окутууга директорлор кеңештеринде иштөө, консалтинг, стратегиялык башкаруу, финансы, ESG жана тобокелдиктерди башкаруу жаатында көп жылдык тажрыйбасы бар эл аралык жана аймактык эксперт-практиктер тартылган. Программанын тренерлери жана эксперттери Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн долбоорлорунда иштеген тажрыйбага ээ, ошондой эле ири компаниялар, финансылык институттар жана корпоративдик башкаруу программалары менен иш алып барышкан адистер болуп саналат.
«Корпоративдик директор» программасынын старт алышы Борбор Азиядагы директорлордун кесиптик коомчулугун бекемдөөдө жана сапаттуу, жоопкерчиликтүү жана стратегиялык багыттагы корпоративдик башкаруу маданиятын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Катышуучулар үчүн бул өз эксперттигин жогорулатууга, квалификациясын тастыктоого, кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө жана директорлор кеңештеринин, байкоочу кеңештердин жана компаниялардын жогорку жетекчилигинин ишинде талап кылынган инструменттерди алууга мүмкүнчүлүк берет.
Программанын методологиясы жана материалдары IFC Эл аралык финансы корпорациясы тарабынан берилген материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасындагы SECO жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен иштелип чыккан.