Жаңылыктар

Board Case Club'га чакырабыз

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы Freedom Broker менен өнөктөштүктө өткөргөн Board Case Club иш-чарасына чакырабыз.

Board Case Club — бул Директорлор кеңешинин деңгээлинде башкаруучулук кырдаалдарды талдоо жана чечим кабыл алуу форматындагы практикалык сессия.

Бул лекция да эмес, теория да эмес — бул кейстер менен иштөө, ыкмаларды талкуулоо, башкаруучулук позицияларды салыштыруу жана реалдуу бизнеске колдонулуучу чечимдерди иштеп чыгуу.

Иш-чара кимдер үчүн:

• Директорлор кеңешинин мүчөлөрү;

• Топ-менеджерлер жана функционалдык багыттардын жетекчилери;

• Корпоративдик катчылар;

• Бизнес ээлери;

• Көз карандысыз директорлукка талапкерлер жана корпоративдик башкаруу маселелерине кызыккандардын бардыгы.

Эмне үчүн катышуу маанилүү:

— реалдуу сценарийлерде башкаруучулук көндүмдөрдү машыктыруу;

— стратегиялык жана тобокелдикке багытталган ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;

— кесиптик чөйрөдө тажрыйба алмашуу жана тышкы көз карашты алуу.

📅 Күну: 16-май

📍 Форматы: офлайн, кейстер менен иштөө

📍 Өтүү жери: «Аврора» бизнес борбору, «Феникс» залы. И. Айтматов көч., 1а

💰 Катышуу акысы: 9 000 сом, КДП КР мүчөлөрү үчүн — 5 000 сом

Катталуу шилтемеси: https://forms.gle/TKMNFi4LysMAX4WE6
2026-04-24 20:05