Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Гулистон шаарында өткөн Борбор Азия Финансы саммитине катышып, «Туруктуу каржылык камтуу стратегиясы: Корпоративдик башкарууну өнүктүрүү» аттуу пленардык сессияда спикер катары сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Сейтек Душеналиев көз карандысыз директорлордун ачык-айкын жана туруктуу финансылык системаны калыптандыруудагы негизги ролуна басым жасады. Ал корпоративдик директорлорду кесипкөйлөштүрүү жана алардын системалуу даярдыгы банктарды жана микрофинансылык институттарды кошкондо финансылык уюмдарда корпоративдик башкаруунун мыкты практикаларын киргизүүнүн негизи экенин белгиледи.
Сүйлөөдө окутуу жана сертификация маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Душеналиев Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасында ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан «Корпоративдик директор» жана «Корпоративдик катчы» сертификациялык программалары тууралуу айтып, алар директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн компетенциясын өнүктүрүүгө жана корпоративдик башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.
«Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, көз карандысыз директорлорду сапаттуу даярдоо корпоративдик башкарууну бекемдөөгө гана эмес, ошондой эле финансылык инклюзивдүүлүктү кеңейтүүгө, ESG принциптерин киргизүүгө жана финансылык сектордун узак мөөнөттүү өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Палатанын президенти.