КР КДП өткөргөн биринчи Board Case Club'дун жыйынтыгы
14-мартта жаңы практикалык форматта — Board Case Club алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү.
Бул лекция же корпоративдик башкаруу боюнча теориялык талкуу эмес, тескерисинче, башкаруу кырдаалдары менен директорлор кеңешинин деңгээлинде каралган түрдө иштешүү: контекстти талдоо, стратегиялык альтернативаларды талкуулоо, кабыл алынган чечимдердин тобокелдиктерин жана кесепеттерин баалоо.
Board Case Club алкагында Директорлор кеңешинин жыйынынын симуляциясы өткөрүлдү. Катышуучулар башкаруучулук кейс менен иштеп, boardroom форматындагы талкууну моделдештиришти жана кырдаалды Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн позициясынан карашты.
Board Case Club катышуучуларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берди:
▪️ маалымат жана убакыт чектелүү болгон шарттарда чечим кабыл алуу боюнча практикалык тажрыйба;
▪️ стратегиялык жана тобокелдикке багытталган ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
▪️ кейсти Директорлор кеңешинин көз карашы менен карап чыгуу жана ар кандай башкаруучулук позицияларды салыштыруу мүмкүнчүлүгү;
▪️ Директорлор кеңештеринин учурдагы жана келечектеги мүчөлөрүнүн ортосунда практикалык тажрыйба алмашуу.
Board Case Club — бул Палатанын директорлор кеңештеринин практикалык иш көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда корпоративдик башкаруу маданиятын бекемдөөгө багытталган жаңы кесиптик аянтчасы. Мындай формат реалдуу башкаруучулук кырдаалдарды моделдөөгө жана директорлор менен топ-менеджерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Board Case Club кимдер үчүн кызыктуу болот:
▪️ Директорлор кеңештеринин учурдагы жана келечектеги мүчөлөрү үчүн;
▪️ Көз карандысыз директорлор жана Директорлор кеңешине талапкерлер үчүн;
▪️ Директорлор кеңештери менен өз ара иш алып барган компаниялардын топ-менеджерлери үчүн;
▪️ Корпоративдик катчылар жана корпоративдик башкаруу боюнча адистер үчүн;
▪️ стратегиялык башкаруу системасын түзүп жаткан бизнес ээлери үчүн.
Board Case Club улана берет.
Кийинки жолугушуунун датасы жана катышуу шарттары тууралуу өзүнчө жарыялайбыз.
Эгер сиз Board Case Club'дун кийинки сессиясына катышууну кааласаңыз, биз менен байланышыңыз: