Жаңылыктар

КР КДП жана CAIER кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2026-жылдын 20-февралында Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын делегациясынын Борбор Азия экологиялык изилдөөлөр институтуна (CAIER) таанышуу сапары жана жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Сапар Палатанын мүчөлөрү үчүн жабык форматта уюштурулуп, корпоративдик башкаруу жана ESG (экологиялык, социалдык жана башкаруу аспектилери) жаатындагы тажрыйба алмашууга багытталды.

Экскурсиянын жүрүшүндө CAIER өкүлдөрү институттун имаратын көрсөтүп, энергияны натыйжалуу пайдалануу жана инфраструктураны туруктуу эксплуатациялоо боюнча колдонулуп жаткан ыкмалар тууралуу айтып беришти. Катышуучуларга лабораториялар жана калдыктарды колдонуу менен өндүрүлгөн инновациялык курулуш материалдарын камтыган бир катар колдонмо иштелмелер да көрсөтүлдү. Бул чечимдер туруктуу курулуш, экологиялык таасирди азайтуу жана айлампа экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жагынан талкууланды.

Тараптар ESG күн тартиби стратегиядан жана тобокелдиктерди башкаруудан тартып ачык-айкындуулукка, отчеттуулукка жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүгө чейин жетилген корпоративдик башкаруунун маанилүү элементи болуп бара жатканын белгилешти.

Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу

Сапардын жыйынтыгында тараптар корпоративдик башкарууну өнүктүрүүгө жана ESG принциптерин жайылтууга багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Документ билим берүү жана эксперттик демилгелерди (вебинарлар, семинарлар, курстар, конференциялар) биргелешип ишке ашырууну, маалымат жана консультация алмашууну, стратегияларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгууну, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана кесипкөй директорлор менен эксперттер үчүн сертификациялык программаларды ишке киргизүүнү карайт.

«Биз үчүн Казакстандагы кесиптештерибиздин тажрыйбасын көрүү абдан маанилүү. CAIER биздин жашоо чөйрөбүздү жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатканын көрүп кубанычтабыз жана Палатанын мүчөлөрүнүн арасында сиздердин иштелмелерге кызыккан адамдар сөзсүз бар экенине ишенем. Бул мындан аркы жемиштүү кызматташтыктын негизи болот деп үмүттөнөм», — деп белгиледи КР КДПнын президенти Сейтек Душеналиев.

«Биз КР КДП менен CAIER ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачып жатабыз. Биздин компания рынокто 14 жылдан бери иштеп келет жана туруктуу өнүгүү тууралуу теория жүзүндө эмес, практикалык тажрыйбанын негизинде билебиз. Биз ар дайым кесиптештерибиз менен өз көз карашыбызды жана тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз», — деп билдирди институттун негиздөөчүсү Асель Тасмагамбетова.

CAIERге болгон сапардан кийин делегация ошондой эле Шокан Уалиханов атындагы жеке мектепке (Алматы) таанышуу экскурсиясын өткөрдү. Бул билим берүү мекемесинин модели ESG ыкмалары менен түздөн-түз байланышкан баалуулуктарга — адам капиталын өнүктүрүүгө, социалдык жоопкерчиликке жана жаш курактан баштап экологиялык ой жүгүртүүнү калыптандырууга негизделген.

Мектепте окуучулар башталгыч класстардан тартып эмгекке үйрөтүлүп, стандарттуу эмес ой жүгүртүү жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Мектептин негиздөөчүсүнүн айтымында, балдар — келечек болуп саналат жана алардын өнүгүүсүнө көңүл буруу билим берүүгө гана эмес, мамлекеттин жана дүйнөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө да кошулган салым болуп эсептелет. Окуу жана класстан тышкаркы программаларда экологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулат: окуучулар тематикалык сынактарга жана олимпиадаларга катышып, өздөрүнүн «жашыл» долбоорлорун ишке ашыруу үчүн акчалай гранттарды алышат.

Мектепке болгон сапар ESG принциптеринин сапаттуу билим берүүгө инвестиция салуу, жаштардын демилгелерин колдоо жана келечектеги лидерлерде туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу аркылуу практикада кантип ишке ашырыларын көрсөткөн дагы бир мисал болду.