Жаңылыктар

Татьяна Черникова менен вебинарга чакырабыз

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы сизди «Директорлор кеңешинин стратегиялык “сокур зоналары”: аларды кантип аныктоо жана жоюу керек» аттуу вебинарга катышууга чакырат.

Вебинарда сиз төмөнкүлөр тууралуу биле аласыз:

  • Директорлор кеңешинин ишинде кандай стратегиялык «сокур зоналар» көп кездешет жана алар бизнестин туруктуулугу менен өнүгүүсү үчүн эмне үчүн кооптуу;
  • Кеңешке дүйнөнү кеңирээк көрүүгө, ошондой эле тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү алар көйгөйгө айланганга чейин аныктоого кандай ыкмалар жана практикалар жардам берет;
  • Жасалма интеллектти, кибер-тобокелдиктерди, ESG жана башка жаңы чакырыктарды стратегиялык деңгээлге кантип чыгаруу керек, анда чечимдер жөн гана «протокол үчүн» калбасын;
  • Кеңештин комитеттери менеджменттин ордун басатпай, маалымат жана башкаруудагы боштуктарды кантип системалуу түрдө жоюу мүмкүн;
  • Стратегиялык түзөтүүлөр конкреттүү аракеттерге жана контролдук чекиттерге айландыруу үчүн менеджмент менен жумушчу диалогду кантип куруу керек.

Спикер:

Татьяна Черникова — «Stratigma» компаниясынын башкаруучу өнөктөшү, стратегиялык башкаруу жаатында 18 жылдан ашык тажрыйбага ээ, анын ичинде 10 жылдан ашык убакыт стратегия боюнча жетекчи кызматтарда иштеген («Открытие» тобу, ЕАӨБ, ВТБ24, МТС-Банк). «Орусиянын ТОП-1000 менеджери» рейтингинин лауреаты. Орусияда, Беларусьте, Азербайжанда, Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда иш тажрыйбасы бар. Үч компаниянын директорлор кеңештеринин ишине катышкан. Көз карандысыз директорлор академиясынын (Орусия) «Көз карандысыз директор» программасынын спикери. MBA даражасына ээ.

Модератор:
Кубаныч Абдраимов — Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары банктык жана микрофинансылык секторлордо жетекчилик кызматтарда 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ. КДП Кеңешинин мүчөсү, КДП Кеңешинин Стратегия боюнча комитетинин төрагасы, impactiive OÜ (Эстония) компаниясынын башкаруучу өнөктөшү, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү, байланышкан жактар менен бүтүмдөр боюнча комитеттин төрагасы жана бир катар комитеттердин мүчөсү. Буга чейин Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан менен Казакстандагы бир катар финансылык мекемелердин директорлор кеңештеринин мүчөсү болгон.

Вебинардын максаттуу аудиториясы:

• Директорлор кеңештеринин мүчөлөрү;

• Топ-менеджерлер жана функционалдык багыттардын жетекчилери;

• Корпоративдик катчылар;

• Бизнес ээлери;

• Корпоративдик башкарууга кызыккан көз карандысыз директорлукка талапкерлер.

▪️ Күнү: 2026-жылдын 4-марты

▪️ Убактысы: 12:00–13:00 (UTC+6, Бишкек)

▪️ Форматы: онлайн

▪️ Катталуу шилтемеси:

Вебинарга катышуу акысыз, бирок алдын ала каттоо милдеттүү. Вебинарга шилтеме каттоодон өткөн катышуучуларга жөнөтүлөт.

⏳ Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 3-марты

Катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн:

✉️ [info@cid.kg](mailto:info@cid.kg)

📞 +996 555 888 242