Жаңылыктар

Baker Tilly менен Деловой ишембиликтин жыйынтыгы

2025-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын Ишкердик ишембилиги өттү. Жолугушуунун темасы — жасалма интеллект жана анын директорлор кеңештеринин ишине, компаниялардын стратегиясына жана корпоративдик башкарууга тийгизген таасири болду.

Иш-чарага 40тан ашык жетекчи катышты: директорлор кеңештеринин мүчөлөрү, бизнес ээлери, корпоративдик катчылар, топ-менеджерлер жана корпоративдик башкаруу боюнча эксперттер.
Негизги спикер катары Thea Technologies (Сингапур) компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Руслан Егембаев катышты. Ал deep tech, венчурдук капитал жана стратегиялык консалтинг тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ эксперт катары ири тил моделдерин (LLM) колдонуу боюнча практикалык кейстерди сунуштап, директорлор кеңештери жасалма интеллектти киргизүүдө стратегия жана контролду кантип курушу керек экенин талкуулады.
Иш-чаранын өнөктөшү — Baker Tilly Кыргызстан, эл аралык Baker Tilly International тармагынын бөлүгү — ESG стандарттарын жана жаңы технологияларды эске алуу менен аудит жана консалтинг ыкмаларын сунуштады.

Катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

▪️ технологиялардын экспоненциалдык өсүшү жана анын компания стратегиясына тийгизген таасири;

▪️ директорлор кеңешинин жасалма интеллектти колдонуу саясатын калыптандыруудагы ролу;

▪️ документтерди талдоо, изилдөө жүргүзүү жана чечим кабыл алууда LLM колдонуу сценарийлери;

▪️ тобокелдиктер жана маалыматтык коопсуздук маселелери.
«Бүгүн жасалма интеллект — бул жөн гана тренд эмес, ал бизнес үчүн мүмкүнчүлүк жана чакырык. Директорлор кеңеши жаңы компетенциялар жана контролдоо механизмдери кандай болушу керек экенин түшүнүшү зарыл», — деп белгиледи Руслан Егембаев.

Иш-чара интенсивдүү талкуу, суроо-жооп сессиялары жана ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү ортосунда тажрыйба алмашуу форматында өттү.

Уюштуруучу: Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы

Өнөктөш: Baker Tilly Кыргызстан