Жаңылыктар

Корпоративдик башкарууга ISO эл аралык стандарттарын интеграциялоо боюнча мастер-класс

2025-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы Grant Thornton компаниясы менен биргеликте уюштурган «Корпоративдик башкарууга ISO эл аралык стандарттарын интеграциялоо» аттуу мастер-класс болуп өттү.

Иш-чарага директорлор кеңештеринин өкүлдөрү, компаниялардын жетекчилери, корпоративдик башкаруу, ESG, комплаенс жана ички аудит жаатындагы адистер катышты. Мастер-класстын негизги максаты ISO 9000 (сапат менеджменти), ISO 14000 (экологиялык менеджмент) жана ISO 27001 (маалыматтык коопсуздук) стандарттарын компаниялардын учурдагы бизнес-процесстерине практикалык түрдө интеграциялоо механизмдерин талкуулоо болду.

Иш-чаранын ачылышында Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Сейтек Душеналиев сөз сүйлөп, корпоративдик түзүмдөрдүн туруктуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууда эл аралык стандарттардын маанисин белгиледи.

Негизги презентациялар менен Grant Thornton компаниясынын өнөктөшү, тобокелдиктерди башкаруу жана киберкоопсуздук багытынын жетекчиси Владислав Мурадян, ошондой эле Болгариялык International Technical Alliance компаниясынын директору Розен Пашов чыгышты. Спикерлер реалдуу кейстерди сунуштап, ISO стандарттарынын башкаруунун натыйжалуулугуна, маалыматтарды коргоого, экологиялык жоопкерчиликке жана акционерлер менен жөнгө салруучулардын ишениминин жогорулашына тийгизген таасирин талкуулашты.

Директорлор кеңештеринин ISO стандарттарын интеграциялоо процессиндеги стратегиялык көзөмөлдү камсыз кылуу жана тобокелдиктерди азайтуу инструменти катары ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Мастер-класс заманбап корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын жоопкерчиликтүү жана туруктуу бизнес чөйрөсүндөгү позициясын бекемдөөгө багытталган демилгелердин бир бөлүгү болду.
2026-07-13 18:00