Жаңылыктар

Виталий Пыльцов менен вебинар

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы (КР КДП) сизди 2025-жылдын 16-декабрында саат 12:00–13:00дө (UTC+6, Бишкек) өтө турган «Аудиторлор эместер үчүн аудит: Директорлор кеңеши үчүн колдонмо» аттуу вебинарга катышууга чакырат.

Вебинарда сиз төмөнкүлөр тууралуу биле аласыз:

▪️ Тышкы аудит: анын максаттары жана милдеттери, процесстин тышкы жана ички колдонуучулары (stakeholders);

▪️ Аудитордук текшерүүлөрдүн түрлөрү: максатка ылайыктуулук жана баа фактору боюнча кайсы түрүн тандоо керек;

▪️ Аудиторлор тарабынан берилүүчү корутундулардын түрлөрү: алардын ортосундагы негизги айырмачылыктар жана колдонуучулар аларды кандай чечмелешет;

▪️ Аудиттин чектөөлөрү: көз карандысыздык маселелери, олуттуулук принциби жана алдамчылык учурлары;

▪️ Аудитордук корутундудан тышкары аудитор кардарга жана Директорлор кеңешине дагы эмне берүүгө тийиш.

Спикер:

Виталий Пыльцов — көз карандысыз директор, Орусиянын бир катар ачык акционердик компанияларынын аудит боюнча комитеттеринин жетекчиси. Big 4 компанияларында 20 жылдан ашык иш тажрыйбасга ээ, анын ичинде 10 жылдан ашык аудит боюнча өнөктөш болуп иштеген. Орусияда, АКШда жана Германияда иштеген тажрыйбага ээ. Орусиядагы эң ири инвестициялык фонддордун биринин мурдагы операциялык директору (Ex-COO).

Максаттуу аудитория:

• Директорлор кеңештеринин жана аудит боюнча комитеттердин мүчөлөрү;

• Аткаруучу органдардын мүчөлөрү;

• Корпоративдик катчылар;

• Коомдордун катчылары;

• Юристтер;

• Корпоративдик башкаруу боюнча адистер;

• Корпоративдик контролдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана аудиторлор менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга кызыкдар болгон бизнес ээлери.

Модератор:

Гүлнара Шамшиева — КР КДПнын анык мүчөсү, «ФИНКА Банк» ЖАКтын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясынын мүчөсү, «KMF Банк» ААКнын Директорлор кеңешинин төрайымы, ошондой эле Өзбекстандагы микрофинансылык уюмдардын Байкоочу кеңешинин мүчөсү.

▪️ Күнү: 2025-жылдын 16-декабры

▪️ Убактысы: 12:00–13:00 (UTC+6, Бишкек)

▪️ Форматы: онлайн

Катталуу үчүн шилтеме:

https://forms.gle/1jJb2ydtsKFRgQTy7

Катышуу акысыз, бирок алдын ала каттоо милдеттүү.

⏳ Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 15-декабры.

Кошумча суроолор боюнча байланыштар:

✉️ info@cid.kg

📞 +996 (555) 888-242
2025-11-28 08:00