«Корпоративдик катчы» сертификациялык программасынын үчүнчү модулу өттү
«Корпоративдик катчы» программасынын 3-модулу — финансист эмес менеджерлер үчүн финансы — ийгиликтүү аяктады.
Модулдун алкагында төмөнкү темалар каралды:
▪️ финансылык отчеттуулуктун негиздери жана эсепке алуу стандарттары;
▪️ финансылык отчеттуулуктун кызыкдар тараптар үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуудагы ролу;
▪️ анын рыноктук баалоого жана инвесторлордун кабыл алуусуна тийгизген таасири;
▪️ башкаруучулук эсептин негиздери;
▪️ отчеттуулукту талдоонун принциптери;
▪️ ESG боюнча киришүү жана ESG факторлорунун финансылык жана башкаруучулук отчеттуулукта чагылдырылышы;
▪️ эл аралык стандарттар жана алардын корпоративдик башкаруу менен байланышы.
Тренер:
Венера Абдраимова — корпоративдик башкаруу жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча эксперт, «Элдик Банк» ААКсынын Директорлор кеңешинин, Аудит жана тобокелдиктер боюнча комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын анык мүчөсү.