Жаңылыктар

Елена Речкалова менен вебинар

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасы (КР КДП) сизди «Директорлор кеңешиндеги аялдар – экономиканын өсүшүнүн баалабаган ресурсу» аттуу вебинарга катышууга чакырат.

Вебинарда сиз төмөнкүлөр тууралуу биле аласыз:

▪️ Diversity —бул «аялдардын укуктары» үчүн күрөш эмес, бизнестин жана экономиканын капиталдашуусунун өсүшүнүн булагы;

▪️ Факт: дүйнөлүк капиталдын 32% аялдарга таандык;

▪️ Директорлор кеңештериндеги аялдардын катышуусу боюнча эл аралык статистика;

▪️ Аялдардын өкүлчүлүгүнүн өсүшү бизнестин кирешелүүлүгүнө кандай таасир этет;

▪️ Ишкер чөйрөдөгү стереотиптер: Директорлор кеңешиндеги аялдардын 7 катасы жана лидерликке даярдык маселеси;

▪️ Аялдын карьерасы IPOго алып баруучу жол катары;

▪️ Жетекчилердин «эркектер клубунда» татыктуу орунду кантип ээлөөгө болот: портфелдик карьера өсүүнүн экосистемасы катары;

▪️ «Жаңы аялдык»: статус жана таасир.

Спикер:

Елена Речкалова — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын анык мүчөсү. 12ден ашык Директорлор кеңешинин, 3төн ашык Advisory Board'дун жана 3 Камкорчулар кеңешинин мүчөсү. Портфели 300 млрд рубльден ашкан үч розницалык банктын мурунку жетекчиси. «Директорлор кеңешине / Advisory Board'га жол: IPOго чыгуу катары карьера» аттуу executive-ментордук курсунун автору. Топ-менеджерлердин карьералык демөөрчүсү жана насаатчысы.

Модератор:

Жанна Токтосунова — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз директорлор палатасынын Кеңешинин төрайымы, «Transsystem-Bishkek» ЖЧКсынын ээси жана башкы директору, корпоративдик башкаруу боюнча консультант.

Банк секторунда 13 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Анын кесиптик тажрыйбасы укук, корпоративдик башкаруу жана адам ресурстарын башкаруу сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.

Максаттуу аудитория:

• Директорлор кеңештеринин мүчөлөрү;

• Аткаруучу органдардын мүчөлөрү;

• Корпоративдик катчылар;

• Коомдордун катчылары;

• Юристтер;

• Корпоративдик башкаруу боюнча адистер;

• Корпоративдик башкарууга кызыкдар болгон бизнес ээлери.

▪️ Күнү: 2025-жылдын 20-ноябры

▪️ Убактысы: 12:00–13:00 (UTC+6, Бишкек)

▪️ Форматы: онлайн

Катталуу үчүн шилтеме:

https://forms.gle/Z59reFbaKf16BWzc7

Катышуу акысыз, алдын ала каттоо милдеттүү. Вебинардын шилтемеси катталгандан кийин гана катышуучуларга жөнөтүлөт.

⏳ Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 19-ноябры

Катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн:

✉️ info@cid.kg

📞 +996 (555) 888-242
2025-11-07 18:00